г. Бишкек, ул. Фрунзе, 402

office@dr.kg

+996 312 88 33 15

+996 312 88 33 16

Форма поиска

«Жаш Булак 2017» жаштар форум-лагери

Үстүбүздөгү жылдын 10-23-июль аралыгында Кыргызстанда экинчи ирет жаштарга билим берүүчү “Жаш Булак” форум-лагери өткөрүлдү. Өлкөбүздүн бардык региондорунан жана ошондой эле 20 өлкөдөн келген 600гө жакын жаштарды форум-лагерь Жарды-Кайынды капчыгайында чогултту. “Жаш Булак” форум-лагери КРдин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жана Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан уюштурулду.

“Жаш Булак” – коомду өнүктүрүүдө жаштардын жарандык позициясын калыптандырган жана потенциалын жогорулатууга багытталган инновациялык аянтча. Бул аянтча аркылуу жаш лидерлер өз ара байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ар бир катышуучу өсүп өнүгүү үчүн керектүү болгон жаңы маалымат жана билим алуу, түрдүү маданияттардын өкүлдөрү менен бир тайпада иштөө жана убакытты пайдалуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алат.

“Бүгүнкү күндө биз жаштарыбыздын өнүгүүсүнө басым жасашыбыз керек. Бул үчүн биздин форум-лагердин платформасы мыкты кызмат кылып бере алат. “Жаш Булактын” аркасы менен активдүү жаштар регионалдык аралыктарга карабастан бир-бири менен тыгыз байланышта болуп, коммуникациялык көпүрө кура алышат ", - деп билдирди Жаштарды өнүктүрүү институтунун программалык директору жана
“Жаш Булак 2016” проектисинин идея демилгечилеринин бири Элийзар Тилебалды уулу.

“Жаш Булак” форум-лагери бул ирээт эки нөөмөттө өттү. Биринчиси 10-16 июль арасында болуп, жалпысынан  240 жаш катышты. Катышуучулар Кыргызстандан тышкары 12 чет өлкөдөн: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, АКШ, Франция, Кытай, Россия, Азербайджан, Малайзия, Гонконг, Белоруссия жана Монголиядан келишти.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Жаштар саясаты бөлүмүнүн директорунун орун басары Мирлан Парханов:
“Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги бул форумду жылына өлкөбүздүн ар башка региндорунда өткөрүүнү сунуштайт. Бул үчүн биз ылайыктуу жерлерди издейбиз. Лагерь өткөрүлчү жердин өзгөчөлүгү цивилизациядан алыс болгондугунда. Бул жерде биздин катышуучулар дээрлик телефон, интернет байланышын колдонушпайт”,- деди өз сөзүндө. Ошондой эле директордун орун басары мамлекетти өнүктүрүүдө жаштар маанилүү роль ойноорун баса белгилеп, бардык катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

Ал эми форум-лагердин экинчи нөөмөтү июлдун 17синен 23нө чейин болду. Бул нөөмөткө 8 чет өлкөдөн жаштар келип, жалпысынан катышуучулардын саны 260ты түздү.

Жаштарга билим берүүчү бөлүмүндө Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары  Кыргыз улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, КРнын юстиция министри Уран Ахметов, ЖКЧ “Газпром Кыргызстан” өкүлү Азамат Алдаяров,Коомдук телерадио корпорациясынын директору Илим Карыпбеков жана медиа-эксперт Азамат Тынаев жана башкалар келип, масстер-класс өтүштү.

Спикерлердин бири, “Dilden” студиясынын башкы директору Наргиз Чыналиева:
“Жаш Булак” – жаштар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Мындай лагерлер балдарга башка окутуу мекемелеринен ала албаган практикалык билимди берип, аларды бирдиктүү кылууга шарт түзөт. Жаратылыш койнунда адам ар түрдүү гаджеттерден жана социалдык тармактардан алыстап, өзү менен өзү боло алат. Бул лагердин катышуучуларынан келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон мыкты адистер, бизнесмендер чыгат деп ойлойм”, - деп билдирди.

Лагерде 18ден 35 жашка чейинки кабыл алынган катышуучулар минималдуу комфортто жашашты. Ар бир тайпа талаа шартында ачык отко казан асып, тамак бышырып, бири-бирине жардам беришти. Катышуучулардын айтуусу боюнча мындай шарттардын артыкчылыгы көп. Жаштар жаңы досторду табып, кызыктуу маек куруп, ар түрдүү проекттерди ойлоп табууга мүмкүн болду.

Форум-лагердин катышуучусу Бурулай Абдыкапар кызы:
“Кыргызстан жаштары – бул өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошуучу коомдун бир бөлүгү. Жыл сайын жаштар үчүн уюштурулуп жаткан билим берүүчү программалардын көбөйүшү кубандырып турат. Мындай иш-чаралар алардын дараметин жогорулатууга, өсүп-өнүгүүгө жардам берет. Мен бул жерден өлкөбүздүн көйгөйлөрүн менден дагы жакшы түшүнгөн, эң негизгиси ал көйгөйлөрдү кантип чечүү керектигин билген, мамлекет үчүн күйгөн адамдар менен тааныша алдым”.